ТОБУРЧАК КЫЗ

Амангелди Мисиров

Тоого кыш жакындады. Кемпири абышкасын «кыштык отун жок» деп жемелей баштады. Абышка курч балтасын көтөрүп токойго барды да кулач жеткис карагайды чаба баштады. Карагай абышкага жалынып:
– Айланайын абышка, мени кыйбачы, жашагым келет - деп жалына баштады.
– Сенин сөзүндү угаар ал жок, үйгө отунсуз барсам кемпирим менин да жанымды койбойт – деп балтасын шилтеди.
– Кой абышка, андан көрө мобул белекти алчы – деп бир тобурчагын жерге таштады.
– Мунун мага эмне кереги бар? – деп таң калды абышка.
Аңгыча тобурчак «тырс» этип жарылды. Абышка эңкейип караса ортосунда кымындай кыз отуруптур. Абышка сүйүнүп үйүнө келип кичинекей кызды кемпирине көрсөттү.
–Ырас болгон тура, –деди кемпир, –кызыбыз жок эмеспи. Эрмек болот. Бирок, отуну жок отурсак кыштан кантип чыгабыз? Бул байкушуң да үшүйт!
Бул сөздү уккан кыз:
– Капа болбоңуздар, баары жайында болот, азыр отундуу болобуз,- деди.
– Сенин алып келген отунуң тиш чукурга да жарабайт, – деп кемпир-чал күлүштү.
Тобурчак кыз сыртка чуркап чыкты да:v – Тыйын чычкан кайдасын?,– деп тыйын чычканды чакыра баштады.
Тыйын чычкан жүгүрүп келди.
– Абышка кемпир отунсуз, айласын тапчы–деди.
Тыйын чычкан жүгүргөн бойдон түлкүгө жетти:
–Түлкү, түлкү абышка кемпир отунсуз, айласын тапчы, –деди.
Түлкү аюуга барып:
–Аюуке, аюуке, абышка кемпир отунсуз, айла-сын тапсаң боло – деди.
Аюу күчтүү эмеспи токой-догу куураган дарактарды качырата сындырып көтөрүп келди да, абышканын үйүнө үйүп койду. Абышка буга аябай ыраазы болуп тыйын чычкан, аюyну, түлкүнү конок кылды. Тыйын чычкан жаңгак чагып. Түлкү жумуртка чайнап, аюу болсо таттуу балга тойду. Ошентип алар азыр да алыскы бир токойдо ынтымак жашап жатышат экен.


Чыгармалардын тизмесине
Башкы бет