Сараң адам чынында,
Салам айтсаң карабайт.
Жок дегенде жылмайып,
Караганга жарабайт.
Ыйман качып андайдан,
Суук шамал аралайт.
«Салам-Алик» актилек,
Улууларга салам айт.