Адептүү бала сүйкүмдүү,
Бой көтөрбөйт, оолукпайт.
Пейили жакшы бала үчүн,
Жамандыкка жолукпайт.
Жакшы сөз сүйлөп дайыма,
Кишинин көөнүн оорутпайт.
Чоң муштум болуп ар кимге,
Чокчоңдобой жүргүнүң.
Оройлук оору экенин,
Ойлоп көрүп билгиниң.
Табиятты бапестеп,
Ата-энеңди сүйгүнүң.
Адептүүлүк башкадан,
Сурабай буюм албастык.
Чөнтөгүн аңдып бирөөнүн,
Ач көздүккө барбастык.
Ыймансыз рэкет бала,- деп,
Жек көрүнүп калбастык.
Жакшы жүрүп, сарамжал,
Чачылганды жыйнамак.
Кулак төшөп кунт коюп,
Карынын сөзүн тыңдамак.
Адеби жок чоңойсо,
Адамдык сапат кыйрамак.